+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 2018-жылдын 22-28-июнь күндөрү болуп өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышты.

Спартакиаданын жүрүшүндө мамагенттиктин кызматкерлери мелдештин: кол күрөш, 100 жана 500 метрге чуркоо, ок атуу, кичи футбол жана жаш курак боюнча жалпы дене бойду көтөрүү боюнча спорттун беш түрүнө катышты.

Мелдештин жыйынтыгында төрт кызматкер 1-орунду ээлеп, алтын медалга ээ болушту. Ошондой эле бир кызматкер 3-орунду алып, коло медалдын ээси болду.

Жалпы дене бойду көтөрүү түрү боюнча жеңүүчүлөр:

  1. Тыналиева Айнура – 1-орун алтын медаль;
  2. Кадыркулова Айгуль – 1-орун алтын медаль;
  3. Касымова Айнура – 1-орун алтын медаль;
  4. Ихаза Шах – 3-орун коло медаль.

Кол күрөш түрү боюнча жеңүүчү:

  1. Асан уулу Талгат – 1-орун алтын медаль.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги өткөрүп келет.  

 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки