+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Мамагенттикте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата лекция окутулду

2018-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын изилдөөчү Чолпон Субакожоева жана мамагенттиктин кызматкерлери катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 72 буйругу менен бекитилген жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чараларды уюштуруу максатында манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.   

         Иш-чаранын жүрүшүндө Чолпон Субакожоева кызматкерлерге манасчынын басып өткөн жолу, кут уялаган касиеттүүлүгү, манас дүйнөсүндөгү чыгармачылыгы тууралуу лекция окуду.

“Манасчы Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында 1918-жылы туулган. Манасчынын айтымында, алгач ирет ал 10 жашында түшүнөн Ырамандын Ырчы уулунан аян алгандыгы, түшүндө ага Манас, Бакай жана Алмамбет, Чубак, Сыргактарды Ырчы уул тааныштырган экен. Ошондон көп өтпөй Жусуп Мамай уктап жатканда дагы манас айтып баштаганы айтылат”, - дейт Ч.Субакожоева.

Ошондой эле, Чолпон Субакожоева манасчы окуяны алдын ала беш колундай билген көзү ачык, акыл көрөңгөсү тунук касиеттүү адам болгонун белгиледи.

Эске салсак, Жусуп Мамай 2014-жылы 96 жашында көз жумган.   

2014-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, улуу "Манас" эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки