+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Мамагенттиктин кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдардан сактануу тууралуу сабактар өтүлдү

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин 2018-жылдын 2-кварталына карата ведомство ичинде окутуу планынын негизинде 20-апрель күнү

“Өзгөчө кырдаалдардан сактануу үчүн эмне кылуу керек?” деген темада окутуу болуп өттү.

Окутууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары, полковник Мухтар Бейшембиев, “Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү” кафедрасынын улуу инструктору Валентина Клецова жана подполковник Мадимар Мамбетов катышты.  

Окутуунун жүрүшүндө улуу инструктор Валентина Клецова өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын өзүн алып жүрүү эрежелери жана суу ташкындары, суудан сактануу, жер титирөө, жер көчкү тууралуу кенен маалыматтарды берди.

Ошондой эле, подполковник Мадимар Мамбетов кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдарда өрттүн алдын алуусу жана өчүрүү аракеттери, өрттүн чыгышынын себептери тууралуу теориялык сабак өтүп, өрт өчүрүү каражаты менен иштөө эрежелерин практикалык түрдө көрсөтүп берди.     

Окутуунун соңунда полковник Мухтар Бейшембиев кызматкерлерге өрт чыккан убакта коопсуз жайга эвакуациялануу, жабыркагандарга дарыгерге чейинки алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, кым-куут түшпөө (паникага алдырбоо), өрткө каршы коргонуунун автоматтык тутумдары жөнүндө айтып берип, мекемеге орнотулган өрттү өчүрүү каражаттары менен таанышып чыкты.

 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки