Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан улуу Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Нооруз – жаңы мезгилдин башталышы, жаңылануунун символу, табиятка эле эмес, адамдардын үмүттөрүнө жаз тартуулаган кереметтүү ыйык майрам.
Элибизде ар дайым ынтымак, береке, кут жанып, өлкөбүздө өнүп-өсүү жана тынчтык болсун. Ар бир үй-бүлөнүн коломтосунда ырыскы, токчулук, молчулук болуп, элибиз бакубат жашоодо өмүр сүрсүн.
Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, узак өмүр жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Терең урматым менен, Таалайбек Нурбашев