+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Мамагенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгы менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 346 буйругунун негизинде Мамлекеттин алдында сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Мамагенттиктин Тарифтерди жана бааларды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Айдарова Миргуль Мырзагелдиевна сыйланды.

Ошондой эле, 2017-жылдын 16-августундагы № 537 буйругунун негизинде Кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Мамагенттиктин Мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Ногойбаева Асель Зыфаровнага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан “Алкыш” жарыяланды.

Мамагенттиктин жалпы жамааты жогоруда аты аталган кесиптештерди алган сыйлыктары менен куттуктайт. 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки