+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте (мындан ары - Мамагенттик) 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Мамагенттиктин календардык планынын алкагында уюштурулду.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун (КЫРГЫЗТЕСТ) тест калыптоо илимий секторунан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Котормо, терминология, жарнама жана маалымат иштери бөлүмүнөн чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө – кыргыз тилинин азыркы күндөгү абалы, көйгөйлөрү жана мындан ары өнүгүүсү тууралуу маселелер талкууланды.  

Андан сырткары, мекеменин жалпы жамаатына Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Болот Макеев КЫРГЫЗТЕСТ тууралуу берген маалыматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тесттен өтүү жол-жоболору тууралуу түшүндүрмө берди.

Кеченин соңунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен Мамагенттиктин төмөнкү кызматкерлери сыйланышты:

Статс-катчы Аскарбек Абдыжапаров - “Кыргыз тили” төш белги;

Адам ресурстарын башкаруу жана иш-кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова – “Кыргыз тили” төш белги;

Мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Азат Ишеналиев – Ардак грамота. 

 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки