+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев ОЭКМАнын жалпы жамааты менен жолугушту

Бүгүн, 2017-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев жалпы жамаат менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге мекеменин түзүлүшү, түзүмү, аткарган милдеттери жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

“Биздин мамлекеттик агенттик 2014-жылдын 20-ноябрында түптөлүп, үч жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет. Бул жылдар аралыгында 15 адамдык штатты 48 адамга жеткирип, аны менен катар кызматкерлердин айлык маянасын көтөрө алдык. Учурда 2014-2017-жылдарга бекитилген электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын биринчи жана экинчи этабы ийгиликтүү ишке ашырылды”, - деди Т.Нурбашев.

Ошондой эле вице-премьер-министр мамлекеттик агенттиктин учурда жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жана жалпы жамааты менен таанышты.

Жолугушуунун алкагында Дүйшөнбек Зилалиев жаш, чакан жаматтын жаратып жаткан ийгиликтери менен жетишкендиктерин баса белгилеп, мамлекеттик агенттиктин мындан аркы ишине жана көйгөйлөрүнө жардам көрсөтөрүн айтып өттү.

“Мен ушул тармакты жөнгө салган вице-премьер-министр катары учурда сиздерде болуп жаткан көйгөйлөр, маселелер менен жакшы таанышмын. Ошондуктан, мындан аркы иш-аракетибизде сиздер менен тыгыз иштешип, көйгөйлөрдү чечип берүүгө болгон күчүмдү жумшайм”, - деди Д.Зилалиев.

 

В ленту новостей: 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.