+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орган кызматкерлеринин бешинчи спартакиадасы ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 2017-жылдын 12-16-майында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышты.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар: футбол, волейбол, бильярд, теннис, жеңил отлетика жана башка спорттун 12 түрү боюнча ат салышты.

Иш-чара быйыл бешинчи ирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду.

Спартакиаданын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери:

1-орун: - 50-55 жаштагы айымдар арасындагы дене тарбия көнүгүүлөрү боюнча, диплом жана медаль менен Тыналиева Айнура;

2-орун: - 90 киллограмм салмактагы мырзалар арасындагы кол күрөш боюнча диплом жана медаль менен Асан уулу Талгат;

2-орун: 35 жашка чейинки кыздар арасында 500 метрге чуркоо боюнча диплом жана медаль менен Эрик кызы Айгерим сыйланышты.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жана жамааты жалпы жеңүүчү кесиптештерди чын жүрөктөн куттуктайт. 

 

В ленту новостей: 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.